«КИТАБ ФУТУХ ал-БУЛДАН»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КИТАБ ФУТУХ ал-БУЛДАН» («Жорук китеби») – тарыхый чыгарма. Автору – Абу-л-Аббас Ахмед ал-Белазуриддин. Чыгарманын ар бир главасы хронологиялык тартипте жазылган. Эмгекте арабдардын Хоросан м-н Мавераннахрга жасаган жортуулдары, Араб халифатынын тарыхы, экономикасы ж-а маданияты, аскер күчү, соода катнашы, салыктары тууралуу маалыматтар бар. Орто Азиядагы түргөштөрдүн арабдарга каршы күрөшү, араб кол башчысы Кутейбанын Шаш м-н Испиджабга жасаган жортуулдары ж-а орто кылымдагы Түркстан аймагы тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.
Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. 1. М.; Л., 1939; Арабские источники VII–Х веков по этнографии и истории Африки южнее Сахары. М.; Л., 1960.