«КИТАБ ал-АГАНИ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

«КИТАБ ал-АГАНИ» («Ыр китеп») – араб поэ­зиясынын антологиясы. Ад-тчы, акын, тарых­чы, Абу-л-Фарадж ал-Исфахани (897–967) түзгөн.
Китепке 7–10-к-дагы араб акындарынын ырла­рына жазылган Ибраим ал-Маусили, Исмаил ибн Жами ж-а Фулайха ибн ал-Аврдын музыка­сы кирген. «К. а.-А-де» акындардын өмүр баян­дары, композиторлор м-н белгилүү аткаруучу­лар тууралуу маалыматтар камтылган. Түзүүдө кемчиликтер кетирилгени м-н, бул китеп – 10-


к-га чейинки арабдардын ж-а араб тилинде сүйлөгөн элдердин ад-ты, мад-ты ж-а үрп-ада­ты тууралуу маалыматтарды камтыган баалуу эмгек. «К. а.-А-ни» немис илимпозу Козергар­тен 10 том кылып чыгармак болуп, анын 1-тому гана жарык көргөн (1868–69). Китеп толугу м-н 21 том болуп, 1904-ж. Каирде басылып чыккан.


Ад.: Крымский А. Е. История арабов и арабской литературы. Т. 1–3. М., 1911–13.