КИСЛОТАЛАР ЖАНА НЕГИЗДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИСЛОТАЛАР ЖАНА НЕГИЗДЕР – хим. бирикмелердин класстары. Суутек атомдору бар заттар (НС1, HNО3, Н2SО4 ж. б.) кислоталар деп аталат. Сууда диссоцияланганда, Н+ ионун (гидроксоний ионун Н3О ) пайда кылат. Кислотанын диссоциациялануу даражасы канчалык + луулук электр станциялары ж-а металлургиялык з-ддор, азоттун оксиди (NO) м-н диоксидин жогору, б. а. суудагы эритмесинде Н3О канча- (NO ) – жылуулук электр станциялары ж-а ав- лык көп болсо, кислота ошончолук күчтүү болот. Курамында гидроксил тобу ОН болуп (КОН, NaОН, LiОН, Са(ОН)2, Ва(ОН)2 ж. б.), эритмелери диссоциацияланганда, ОН– ионун пайда кылуучу заттар негиздер деп аталат. Көпчүлүк заттар бир реакцияда кислоталык, экинчи реакцияда негиздик касиетти көрсөтөт (к. Амфотердүүлүк). Заттарды кислоталык ж-а негиздик деп бөлүүдө бирдей көз караш, б. а. бирдиктүү критерий иштелип чыга элек. Жалпыга белгилүү эки теория бар. Алар – даниялык физ.-химик Й. Н. Брёнстед м-н амер. физ.-химик Г. Н. Льюистин теориялары. Брёнстед курамында суутеги болуп, реакция убагында Н+ иондору – протондорду берүүчү заттарды кислоталарга, протондорду кошуп алуучу заттарды негиздер классына киргизет. Протонду кислотадан негизге берүү м-н жүргөн хим. реакция кислота-негиздик же протолиттик реакция делип, Брёнстеддин теориясы протолиттик теория деп аталат. Льюис б-ча хим. реакция убагында 2 электронду кошуп алуучулар кислота, ал эми 2 электронун берген заттар негиздер деп аталат. Натыйжада негиздин электрондорунун эсебинен кислота өзүнүн электрондорун толуктайт ж-а электрондук катмары туруктуу жаңы бирикме (туз) пайда болот. Ошентип, Льюис заттардын кислотанегиздик касиетин анын сырткы электрондук түзүлүшү м-н байланыштырат. Бул эки теория практикада кеңири колдонулат. Чөйрөнүн кислоталык же негиздик болушу, хим. реакцияны ылдамдатуу, өзгөртүү (кислота-негиздик катализ), нейтралдоо, гидролиз, металлдарды ойдуруу ж. б. кислота-негиздик реакцияга негизделген. Жалпыга белгилүү бул эки теориядан башка дагы бир нече теория ж-а көз караш бар.
Ад.: У. А. Асанов, Т. Т. Кудайбергенов, К. Рысмендеев. Жалпы химия. Б., 1998.