КИСЛОТАЛАР ЖАНА НЕГИЗДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИСЛОТАЛАР ЖАНА НЕГИЗДЕР – химиялык би­рикмелердин класстары. Суутек атомдору бар заттар (НСl, HNО3, Н24 ж. б.) кислоталар деп аталат. Сууда диссоцияланганда, Н+ ионун (гид­роксоний ионун Н3О ) пайда кылат. Кислота­нын диссоциациялануу даражасы канчалык жогору, башкача айтканда, суудагы эритмесинде Н3О канчалык көп болсо, кислота ошончолук күчтүү бо­лот. Курамында гидроксил тобу ОН болуп (КОН, NaОН, LiОН, Са(ОН)2, Ва(ОН)2 ж. б.), эритмеле­ри диссоциацияланганда, ОН ионун пайда кы­луучу заттар негиздер деп аталат. Көпчүлүк зат­тар бир реакцияда кислоталык, экинчи реак­цияда негиздик касиетти көрсөтөт (к. Амфо­тердүүлүк). Заттарды кислоталык ж-а негиздик деп бөлүүдө бирдей көз караш, башкача айтканда бирдиктүү критерий иштелип чыга элек. Жалпыга белгилүү эки теория бар. Алар – даниялык физика -химик Й. Н. Брёнстед м-н америкалык физик - химик Г. Н. Льюис­тин теориялары. Брёнстед курамында суутеги болуп, реакция убагында Н+ иондору – протон­дорду берүүчү заттарды кислоталарга, протон­дорду кошуп алуучу заттарды негиздер классы­на киргизет. Протонду кислотадан негизге берүү м-н жүргөн химиялык реакция кислота-негиздик же протолиттик реакция делип, Брёнстеддин тео­риясы протолиттик теория деп аталат. Льюис боюнча химиялык реакция убагында 2 электронду ко­шуп алуучулар кислота, ал эми 2 электронун берген заттар негиздер деп аталат. Натыйжада негиздин электрондорунун эсебинен кислота өзүнүн электрондорун толуктайт ж-а электрон­дук катмары туруктуу жаңы бирикме (туз) пайда болот. Ошентип, Льюис заттардын кислота-­негиздик касиетин анын сырткы электрондук түзүлүшү м-н байланыштырат. Бул эки теория практикада кеңири колдонулат. Чөйрөнүн кис­лоталык же негиздик болушу, химиялык реакцияны ылдамдатуу, өзгөртүү (кислота-негиздик ка­тализ), нейтралдоо, гидролиз, металлдарды ойдуруу ж. б. кислота-негиздик реакцияга не­гизделген. Жалпыга белгилүү бул эки теория­дан башка дагы бир нече теория ж-а көз караш бар.

Ад.: У. А. Асанов, Т. Т. Кудайбергенов, К. Рыс­мендеев. Жалпы химия. Б., 1998.