КИСЛОВОДСК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИСЛОВО́ДСК</b> – Россиядагы шаар (1830-жыл­дан). Ставрополь крайынын | <b type='title'>КИСЛОВО́ДСК</b> – Россиядагы шаар (1830-жыл­дан). Ставрополь крайынын түштүк-батышында, Чоң Кавказдын түндүк этегинде, Ольховка жана Бе­рёзовка дарыяларынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 817–1062 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Кавказ минерал­дуу суулар тобунун курамындагы эң ири баль­неологиялык климаттык курорттордун бири. Бир нече санаторий иштейт. Калкы 129,2 миң (2008). Темир жол бекети бар. Автомобиль жолу аркылуу Минерал-Суулары шаары менен байланышат. 1803-жылы Кисло­водск чеби катары негизделген. XIX–XX кылымдардын курулуштарынан Кисловодск чеби (1803, 1965-жыл­дан музей), Ребровдун үйү (1829-жылы А. С. Пуш­кин келген; 1837-жылы М. Ю. Лермонтов жаша­ган), живописчи Н. А. Ярошенконун чарбагы (1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графи­касы менен живописинин топтому коюлган), нео­готика стилиндеги Нарзан галереясы, павильондор (XX кылымдын башы), дачалар жана башкалар сакталган. | ||
Чоң Кавказдын | |||
(1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графи­касы | |||
[[File:КИСЛОВОДСК71.png | thumb | Курорттогу нарзан суусу менен ванна алуучу жай.]] | [[File:КИСЛОВОДСК71.png | thumb | Курорттогу нарзан суусу менен ванна алуучу жай.]] | ||
Тамак-аш, татымал, жеңил, эмерек өнөр жай иш­каналары, «Нарзан» минералдуу суусун бөтөл­көгө куюучу заводд иштейт. Гуманитария-техника, эко­номика жана укук институттары (1992), унверситет (фи­лиал), көргөзмө залы, куурчак театры, цирк бар. Шаарда жана ага жакын жерде көптөгөн та­бигый эстеликтер кездешет. | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
05:50, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИСЛОВО́ДСК – Россиядагы шаар (1830-жылдан). Ставрополь крайынын түштүк-батышында, Чоң Кавказдын түндүк этегинде, Ольховка жана Берёзовка дарыяларынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 817–1062 м бийикте жайгашкан. Кавказ минералдуу суулар тобунун курамындагы эң ири бальнеологиялык климаттык курорттордун бири. Бир нече санаторий иштейт. Калкы 129,2 миң (2008). Темир жол бекети бар. Автомобиль жолу аркылуу Минерал-Суулары шаары менен байланышат. 1803-жылы Кисловодск чеби катары негизделген. XIX–XX кылымдардын курулуштарынан Кисловодск чеби (1803, 1965-жылдан музей), Ребровдун үйү (1829-жылы А. С. Пушкин келген; 1837-жылы М. Ю. Лермонтов жашаган), живописчи Н. А. Ярошенконун чарбагы (1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графикасы менен живописинин топтому коюлган), неоготика стилиндеги Нарзан галереясы, павильондор (XX кылымдын башы), дачалар жана башкалар сакталган.

Тамак-аш, татымал, жеңил, эмерек өнөр жай ишканалары, «Нарзан» минералдуу суусун бөтөлкөгө куюучу заводд иштейт. Гуманитария-техника, экономика жана укук институттары (1992), унверситет (филиал), көргөзмө залы, куурчак театры, цирк бар. Шаарда жана ага жакын жерде көптөгөн табигый эстеликтер кездешет.