КИРХГОФ Густав Роберт: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́РХГОФ Густав Роберт (12.3. 1824, Кёнигсберг – 17. 10. 1887, Берлин) – немис физиги.
Берлин ИАнын мүчөсү (1874), Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1862). Кёнигсберг ун-тин бүткөн (1846). 1875-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Берлин ун-тинин математика-физика кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ал оптика, электр-динамика, механика б-ча ил. изилдөөлөрдү жүргүзгөн. К. тармакталган электр тизмегинде электр тогунун законун (к. Кирхгоф эрежеси, 1847) ачкан. К. немис химиги Р. В. Бунзен м-н бирге спектрдик анализге негиз салган. 1859-ж. жылуулук чыгаруу кубулушунун негизги закондорунун бири – Кирхгоф нурлануу законун ачкан ж-а физикага абсолюттук кара нерсе түшүнүгүн киргизген.