КИРПИЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИРПИ́Ч , к ы ш – минералдык материалдан бышырылып, буу м-н иштетилип даярдалган бекем, сууга ж-а суукка туруктуу, туура (параллелепипед) формадагы эң байыркы курулуш материалы. Алгач К. ылайга саман кошулуп, калып м-н куюлуп, кургагандан кийин бышырылбай эле пайдаланылган. Бул ыкмада даярдалган К. азыркы мезгилге чейин пайдаланылып келүүдө. Б. з. ч. 3–2-миң жылдыктарда бышырылган К. Египетте, Байыркы Римде колдонула баштаган. Пайдалануу түрүнө ж-а даярдоо ыкмасына жараша силикат К. ж-а бышырылган чопо К. болуп бөлүнөт. Силикат К. акиташ, кум, цемент кошулуп, жогорку басымда ж-а темп-рада даярдалат. Бышырылган чопо К. кадимки ж-а көркөм болуп ажыратылат. Кадимки К. дубал материалы катары пайдаланылат. К-тин сырткы өлчөмү: 250x125x65 мм ж-а 250x120x88 мм. Бекемдик чеги б-ча К. 75, 100, 125, 150, 200, 250 ж-а 300 маркалуу болуп ажыратылат. К. оңой эрүүчү таза чоподон ж-а кумдуу чоподон же кум, жыгач таарындылары, күл аралаштырылып даярдалат. К-ти даярдоодо чопо ташы терилип, жуурулуп, формага келтирип, кесилгенден кийин атайын меште 900– 950°С темп-рада бышырылып, кургаткычта кургатылат. Бул процесс механикалаштырылган ири ишканада жүрөт.