КИПРЕНСКИЙ Орест Адамович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИПРЕ́НСКИЙ Орест Адамович [13 (24). 3. 1782, Санкт-Петербург губерниясы, Нежинск мызасы (хутору) – 17. 10. 1836, Рим] – орус живописчиси ж-а графиги. 1788–1803-ж. Петербург сүрөт академиясынан билим алган. 19-к-дын башында-

гы эң ири орус портретисттеринин бири, романтизмдин өкүлү. Алгач «Дмитрий Донской Куликов талаасында» (1805) деген патриоттук картинасын (алтын медалга татыктуу болгон) ж-а экспрессиялуу сүрөттөрдү жараткан. К портреттеринде адамдын кулк-мүнөзүн даана чагылдырган. А. К. Швальбе (1804), Е. В. Давыдов (1809), жубайлар Ростопчиндердин (1809-ж. ченде) портреттеринде ички дүйнөсү жагымдуу ж-а романтикалык умтулуусу бай образдарды түзгөн. Акындар А. Крылов, К. Н. Батюшков, И. В. Гёте, А. Мицкевич, арх. Ж. Кваренги ж. б. иск-во ишмерлеринин мүнөздөмөлөрү терең графикалык портреттер сериясын жараткан. 1816–23-ж. ж-а 1828-жылдан Италияда жашаган. 1827-ж. А. С. Пушкиндин портретин тарткан. Орус портрет живописине К. романтикалык пафосту, бийик гуманизмди ж-а образдардын гармониялык ачыктыгын киргизген.
Ад.: Сарабьянов Д. В. О. А. Кипренский. Л., 1982;
Зименко В. М. О. А. Кипренский. М., 1988.