КИНО ҮЙҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИНО ҮЙҮ – конф-я, кеңешме, кинофильмдерди көрсөтүү, чыгармачыл кечелерди уюштуруу, жолугушуулар өткөрүлүүчү кино иск-во ишмерлеринин клубу. 1930-ж. Ленинградда, 1934-ж. Москвада ачылган, кийинчерээк Киев, Тбилиси, Баку, Ташкент, Алма-Ата, Рига ж. б. шаарларда түзүлгөн. К. ү-нүн ишин кино жагында инж.- техн. кесиптеги, чыгармачыл өкүлдөрдөн турган кеңеш жетектеген. Москвадагы алгачкы К. ү-нүн кеңешинин төрагасы А. П. Довженко болгон. К. ү. СССР киностудиялары ж-а союздук респ-калардын киностудияларынын жетекчилиги м-н иштеген. Кырг-нда К. ү. 1967-жылдан иштей баштаган, 2003-ж. Ч. Айтматовдун ысмы берилип, «Айтматовдун ак өргөөсү» аттуу бөлмө ачылган. К. ү-ндө Кинематографисттер союзу м-н Кинематография департаменти жайгашкан. К. ү-нүн директорлору: Э. Борбиев, А. Секимов, А. Мураталиев, П. Борбиева, Т. Кулмендеев, Ч. Камчыбекова, 2012-жылдан А. Абдыкадырова.