КИНО ТААНУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́НО ТААНУУ – кино тууралуу илим; кино искусствосунун теориясын ж-а тарыхын, а. и. актёрдук чыг-лыкты, режиссураны, кинодраматургияны, киномузыканы, оператордук ж-а сүрөтчүлүк өнөрдү ж. б. изилдейт. К. т. кино исквосунун учурдагы абалына талдоо жүргүзүүчү кино сыны м-н түздөн түз байланыштуу. 1950- жылдардын ортосунан К. т-нун дүркүрөп өсүү доору башталып, анын теор. деңгээли жогорулады, дүйнөлүк кино тарыхы терең изилдөөнү талап кылды. Ошол максатта СССРде борб. ж-а респ. иск-во таануу ин-ттары уюшулган. Кырг-нда К. т. 1960-жылдардын аягында башталган. Анын туңгуч өкүлдөрү: К. Ашымов, С. Асанбеков, С. Бөкөнбаев, К. Матиев ж. б. К. Ашымовдун «Кыргызское кино» (1999) аттуу көлөмдүү эмгеги улуттук К. т-да көрүнүктүү орун ээлеген. Кыргыз К. т-сунда Г. Төлөмүшова, В. Михайлов, А. Молдалиева сыяктуу кино таануучулардын жаңы мууну пайда болду.