КИНОДРАМАТУРГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИНОДРАМАТУРГИ́Я – чыг-лыктын адабий­кинематогр. түрү; фильмдин адабий ж-а көркөм­идеялык негизи. Кино иск-восундагы сүрөттөө каражаттарынын өсүп-өнүгүшүнүн түздөн-түз таасири м-н калыптанган. К. адабий образдуу­луктун каражаттарына да ээ. К-нын табияты бир жагынан ад-тка, экинчи жагынан кинема­тографияга жакын болгондуктан, эки типтеги сценарийдин болушун шарттайт. Биринчиси – сценарий – өз алдынча көркөм чыгарма; экинчи­си – болочоктогу фильмдин мазмуну м-н көркөм долбоорун айкындай турган адабий материал. Кинодраматургдар кинонун, о. эле ад-ттын көр­көм каражаттарын пайдаланып, турмуш окуя­ларын түздөн-түз сүрөттөшөт. 20-к-дын 10-жыл­дары үнсүз киносюжет, кейипкер ж-а түзүлүштөр көбүнчө адабий чыгармалардан алынса, 1920- жылдардын аягында проза м-н драманын ка­сиеттерин ж-а мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштыр­ган өзүнчө форма иштелип чыкты. Кинодо адам­дын мүнөзүн ачуунун бир каражаты – диалог айрыкча маанилүү роль ойнойт. Кыргыз К-сы­нын калыптанышына ж-а телчигишине кино­драматургдар К. Өмүркулов, У. Токомбаев, Ш. Апылов, К. Жусубалиев, М. Гапаров, Б. Са­рыгулов, М. Сарулу, театр драматургдары М. Бай­жиев, Б. Жакиев, А. Жакыпбеков ж. б. активдүү катышкан. Ч. Айтматовдун чыгармалары К-нын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.