КИНЕТИКА ЭНЕРГИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИНЕ́ТИКА ЭНЕРГИЯСЫ – кыймылдоочу нер­сенин энергиясы; мех. кыймылдын сандык чени. Ар кандай кыймылдоочу нерсе К. э-на ээ. Мас­сасы m болгон чекит u ылдамдык м-н алга жы­луу кыймылында болсо, анын К. э. Ек чекит массасын ылдамдык квадратына көбөйтүлгөн көбөйтүндүнүн жарымына барабар: Ек=mu /2. Алга жылуу кыймылындагы нерсенин энергия­сы: Е =Мu2/2, М – нерсенин массасы, u – анын ылдамдыгы. Кыймылсыз октун айланасында


айлануучу катуу нерсенин К. э. Ек=Iw /2, – нер­сенин айлануу огуна карата инерция моменти, w – нерсенин бурчтук ылдамдыгы. К. э. нер­сенин кыймылын токтотуучу күч аткарган жумуштун чоңдугу м-н аныкталат, джоуль (Дж) м-н ченелет.