КИМАКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИМАКТАР , к и м е к т е р – о. кылымдагы түрк урууларынын бири. К. этноними алгачкы жолу 8-к-да эскерилген. Перс тарыхчысы Гар­дизинин эмгегиндеги имек (имак), кытай хро­никаларында яньмо, «Худуд ал-аламда» киме­кия (кимакия), М. Кашгариде йемектер бир эт­нос катары берилген ж-а теги жагынан кыпчак, кумандар м-н байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. 7-к­да Түн. Алтайда, Иртыш д-нын ортоңку агым­дарында, 9–11-к-да Чыгыш ж-а Борб. Казак­стандын аймактарында жашап, түштүгүнөн кыр­гыздар м-н чектешип турганы айтылат. К-дын этностук курамын эймур, имак, татар, байан­дур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруула­ры түзгөн. 740–840-ж. Уйгур кагандыгына ка­рап, ал кулагандан кийин өз алдынча каган­дык болуп калган.


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2000; Кумеков Б. Е. Государство кима­ков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007.