КИЙИЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИЙИЗ – жүндөн тыгыздалып басып жасалган тиричилик материалы. Анын көп түрү бар. Жүндөн басылган К-ден башка да битум сиңи­рилип, минерал кебезден жасалган минерал К. ж-а хим. буладан иштелген К-дер даярдалат. Ал тех., тиричилик ж-а курулуш К-и болуп айырмаланат. Тех. К. кылчык, чала кылчык ж-а уяң жүндөн 0,09дан 0,45 г/см3 тыгыздыкта


тасма, пластина ж-а даяр тетик түрүндө жасап чыгарылат да, автомобилде, трактордо, комбайн­да ж-а самолётто сальник, ызгыт, амортизатор ж-а билик ж. б. катары пайдаланылат. Тири­чилик К-и бут кийим, ат жабдыктары ж. б. үчүн керектелет. Курулуш К-и үйдүн дубалда­рынын, жыгач устундарынын, терезе ж-а каал­га жыгачтарынын, кураштырма үйдүн щитте­ринин биригишкен жерлерин жылуулап, тыгыз­доо үчүн ж-а үн, жылуулук өткөрбөс материал катары колдонулат. Коёндун, эчкинин жүнүнөн даярдалган К. абдан жумшак келип, андан кал­пак, беретка ж. б. кийимдер жасалат.
Кыргыздарда К. күзгү жүндөн (кээде жазгы жүндөн да аралаштырып) ар кандай калыңдык­та, чоңдукта басылып жасалган. Ал боз үйдүн тутуусуна (үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулгага (тердик, ичмек, ком, чом, жел­дик), кийимге (кементай, калпак, кийиз өтүк, кийиз байпак, чокой, доолдай, белдемчи), тө­шөнчүгө ж-а ар түрдүү буюмдар [ала кийиз (к. Алагийиз), шырдак, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (баштык-үзөңгү), үртүк, кийиз кап, К. куржун, баштык ж. б.] жасоого жумшалган. К-ди аял­дар жасашкан. К. басууну ойлоп чыгаруу кой өстүрүүгө, көчмөн турмушка байланыштуу боз үйдүн чыгышына өбөлгө болгон. К. жасоо үчүн жүн үлпүлдөтө сабалып, даакылары тытылып, жайылган чийдин бетине текшилеп салынып, ысык суу себеленип уютулган. Уютулган жүн чийи м-н оролуп, сыртынан бир же эки жерине бакан кошо таңылып бекем чырмалгандан ки­йин бир нече киши тоголотуп тепкилейт. Ан­дан кийин бир нече аял тизелеп катар отуруп алып, бир четинен улам тугуруктап билектеп басат. Анда да аз-аздан ысык суу текши себи­лип турат. Боз үйдүн тутуусуна жумшалуучу өрө К-дер, ала кийиз ж. б. кургатылгандан ки­йин дагы бир жолу чийге оролуп туруп, кайнак суу себилип кайрадан басылат (бышырылат). Мындай К. бышык болот ж-а түлөбөйт. Азыр К. фабрикада өндүрүштүк ыкма м-н даярдалат.


Ад.: Особенности материальной культуры и при­кладного искусства южных киргизов. Ф., 1962; Ан­типина К. И. Боз үй – кыргыз элинин маданиятынын баалуу эстелиги. Ф., 1970.