КЁЛЬН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЁЛЬН</b> – Германиянын батышындагы шаар.<br>
<b type='title'>КЁЛЬН</b> – Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бир&shy;дик). Рейн дарыясындагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Калкы 1,0 млн (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург ж-а Мюнхенден кийин). Ага жакын жайгаш&shy;кан шаар-спутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын эко&shy;номикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Гер&shy;маниянын ири банктарынын штаб-квартирала&shy;ры жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбо&shy;ру. Машина куруу (транспорт, айыл чарба, оор, электр&shy;-техника, радио-электроника ж. б.), нефть ажыра&shy;туу, нефть-химия, текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Кёльн – дүйнөлүк маа&shy;нидеги автомобиль өнөр жайынын борбору. Америкалык «Ford Motor Company» ж-а япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб &shy;квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Мет&shy;рополитен иштейт. Университеттер (анын ичинде Кёльн), ки&shy;тепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык му&shy;зей (анын ичинде көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Валь&shy;раф-Рихарц-Людвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия искусствосу ж. б.) бар. Кёльн – Европанын музыкалык театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (анын ичинде опера ж-а балет), мамлекеттик жогорку музыка мек&shy;теби, филармония, ири концерт залдары иш&shy;тейт. Б. з. ч. 1-кылымдан белгилүү. 785–1273-жылдарда ар&shy;хиепископтуктун борбору. Орто кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири бол&shy;гон. 1475-жылы эркин империя шаар статусун ал&shy;ган. 1946-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия жери&shy;нин курамында. Роман (10–13-кылымдар) ж-а барокко (17–18-кылымдар) стилиндеги чиркөөлөр, готика сти&shy;линдеги собор (13–19-кылымдар), ратуша (14–15-кылымдар), турак жайлар (13-кылым), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-кылымдар) сакталган. Эл аралык му&shy;зыка фестивалдары ж-а бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботаникалык багы (экзо&shy;тикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.
Түн. Рейн-Вестфалия жеринде (адм.-айм. бир&shy;дик). Рейн д-ндагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Калкы 1,0 млн (2010); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург ж-а Мюнхенден кийин). Ага жакын жайгаш&shy;кан шаар-спутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын эко&shy;номикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Гер&shy;маниянын ири банктарынын штаб-квартирала&shy;ры жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбо&shy;ру. Машина куруу (транспорт, а. ч., оор, электр&shy;тех., радио-электроника ж. б.), нефть ажыра&shy;туу, нефть-хим., текстиль, парфюмерия, кагаз,
тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки
ө. ж. ишканалары иштейт. К. – дүйнөлүк маа&shy;нидеги автомобиль ө. ж-нын борбору. Амер.
«Ford Motor Company» ж-а япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб&shy;квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Мет&shy;рополитен иштейт. Ун-ттер (а. и. Кёльн), ки&shy;тепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык му&shy;зей (а. и. көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Валь&shy;раф-Рихарц-Людвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия
иск-восу ж. б.) бар. К. – Европанын муз. театр
борборлорунун бири. Бир нече театрлар (а. и. опера ж-а балет), Мамл. жогорку музыка мек&shy;теби, филармония, ири концерт залдары иш&shy;тейт. Б. з. ч. 1-к-дан белгилүү. 785–1273-ж. ар&shy;хиепископтуктун борбору. О. кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири бол&shy;гон. 1475-ж. эркин империя шаар статусун ал&shy;ган. 1946-жылдан Түн. Рейн-Вестфалия жери&shy;нин курамында. Роман (10–13-к.) ж-а барокко
(17–18-к.) стилиндеги чиркөөлөр, готика сти&shy;линдеги собор (13–19-к.), ратуша (14–15-к.),
турак жайлар (13-к.), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-к.) сакталган. Эл аралык му&shy;зыка фестивалдары ж-а бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботан. багы (экзо&shy;тикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

05:10, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЁЛЬН – Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бир­дик). Рейн дарыясындагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Калкы 1,0 млн (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург ж-а Мюнхенден кийин). Ага жакын жайгаш­кан шаар-спутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын эко­номикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Гер­маниянын ири банктарынын штаб-квартирала­ры жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбо­ру. Машина куруу (транспорт, айыл чарба, оор, электр­-техника, радио-электроника ж. б.), нефть ажыра­туу, нефть-химия, текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Кёльн – дүйнөлүк маа­нидеги автомобиль өнөр жайынын борбору. Америкалык «Ford Motor Company» ж-а япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб ­квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Мет­рополитен иштейт. Университеттер (анын ичинде Кёльн), ки­тепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык му­зей (анын ичинде көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Валь­раф-Рихарц-Людвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия искусствосу ж. б.) бар. Кёльн – Европанын музыкалык театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (анын ичинде опера ж-а балет), мамлекеттик жогорку музыка мек­теби, филармония, ири концерт залдары иш­тейт. Б. з. ч. 1-кылымдан белгилүү. 785–1273-жылдарда ар­хиепископтуктун борбору. Орто кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири бол­гон. 1475-жылы эркин империя шаар статусун ал­ган. 1946-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия жери­нин курамында. Роман (10–13-кылымдар) ж-а барокко (17–18-кылымдар) стилиндеги чиркөөлөр, готика сти­линдеги собор (13–19-кылымдар), ратуша (14–15-кылымдар), турак жайлар (13-кылым), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-кылымдар) сакталган. Эл аралык му­зыка фестивалдары ж-а бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботаникалык багы (экзо­тикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.