КЕТОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕТО́З , а ц е т о н о м и я – кепшөөчү малдын организминдеги белок, углевод ж-а май затта­рынын алмашуусунун бузулушунан болгон ылаң. Көбүнчө саан уй, кой төлдөгөнгө чейин ылаңга чалдыгат. Дарттын негизги себеби – тоютта углевод м-н протеиндин жетишсиздиги. Ал малдын сүттүүлүгүнөн, тукумчулдугунан ж-а малды сериндетпөөдөн болот деп божомол­долот. Ылаң мал тоютка көңүлү чаппай, ичеги­карындын ж-а тоют сиңирүүчү бездердин иште­ши бузулуп, кан, сийдик ж-а сүттө кетон затта­ры көбөйөт, сүтү тартылып, арыктайт. Ылаң­ды дарылабаса, мал өлүмгө учурайт. Дарылоо­до венага глюкоза куюп, гормондук дары-дар­мектер берилет, тоютту көзөмөлдөө керек. Ал­дын алууда туура тоюттандыруу ж-а багуунун мааниси чоң.