КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ – Ички Теңир-Тоодогу тектон. өрөөн. Түндүгүнөн Талас ж-а Суусамыр, батыш ж-а түш.-батышынан Узун-Акмат, Ат-Ойнок тоолору, түштүгүнөн Фергана, түш.- чыгышынан Көк-Ирим-Тоо кырка тоолору м-н чектешет. Токтогул р-нунда. Аянты 8170 км2.

Басымдуу бийикт. 800–1200 м. Таманынын уз. 50 км, туурасы 22 км. К.-Т. ө-нүн таманы жалпысынан батышты карай бир аз жантайыңкы келип, конус шилендилери – пролювий, делювий түздүктөрүнөн ж-а дарыя өрөөнүнүн тектирчелеринен турат. Өрөөн майда агын суулардын өзөндөрү, сайлар, кокту-колоттор (тереңдиги 5– 10 м) м-н тилмеленген. Сугат каналдарынын нуктары көп. К.-Т. ө-ндө палеоген, неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон калыңдыгы 2 кмге жеткен чөкмө тектер палеозойдун тоо тектерин жаап жатат. Өрөөн – тектон. түзүлүшү б-ча кеңдик багытындагы асимметриялуу грабен-мегасинклиналь. Ал неоген мезгилиндеги тоо пайда болуу процессинде Талас – Фергана тектон. жаракасын бойлой кысымдын күчөшүнөн пайда болгон. Кен байлыктарынын негизгиси – неогендин көл чөкмөлөрүндөгү таш туз катмарлары (Кетмен-Төбө туз кени). Климаты кескин континенттик, июлдун орт. темпрасы 24°С, январдыкы –14°С. Жылдык жаанчачыны 376 мм. Ири суулары: Кара-Суу, Чычкан, Узун-Акмат, Торкен. Эң ири көлү – Кара- Суу (аянты 3,88 км2). К.-Т. ө-нө боз топурактуу эфемер-шыбактуу жарым чөл (800–1300 м бийикте), бозомтук-коңур топурактуу шыбактуукылкандуу кургак талаа (1300–2000 м); кара коңур топурактуу кылкандуу дүйүм чөптүү талаа ж-а токой-шалбаалуу талаа (2000–2800 м), субальпж-а альп(2800–3200м)шалбаасы,асказоокалуу, кар-мөңгүлүү гляциалдык-нивалдык (3200 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндүн 284 км2 аянтын Токтогул суу сактагычы ээлейт. Өрөөндү түндүктү карай Чычкан өрөөнү улап кетет. К.-Т. ө. аркылуу Бишкек – Ош автомобиль жолу өтөт.
Ад.: Исаков И. К морфологии Кетмень-Тюбинской депрессии // Изд. АН Кирг. ССР, сер. естественных и технических наук. Т. 1. Вып. 2. Ф., 1959; Ботбаева М. Растительность Кетмень-Тюбинской котловины. Ф., 1971; Аламанов С., Акматов Р. Токтогул суу сактагычы. Б., 1998; Аламанов С., Акматов Р. Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006.
Р. Акматов.