КЕТЕНДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕТЕНДЕР , RR–– С=С=О – реакцияга өтө тез
кирүүчү каныкпаган орг. бирикме. Альдокетендер (R=Н, R–– орг. радикал) ж-а кетокетендер (R ж-а R–– орг. радикал) деп айырмаланат.
К-дин 1-мүчөсү газ; кайноо t 56°С, эрүү t 151,6°С. Суу м-н оңой кошулуп, уксус к-тасын ж-а кетонду пайда кылат. Спирт, амин, кислота ж. б. заттарды жакшы ацетилдөөчү бирикмелер.
Ө. ж-да катализатордун катышуусунда уксус
к-тасын же ацетонду пиролиздөө жолу м-н алынат. К. эфирде, ароматтык ж-а хлордуу каныккан углеводороддордо эрийт. Алар нуклеофилдүү реагенттерди, минералдык к-таларды, металлорг. бирикмелерди оңой кошуп алат. С=С ж-а С=О байланыштары бар бирикмелер м-н реакцияга кирип, азот ж-а циклопропанды пайда кылат. Ө. ж-да уксус к-тасын ангидридге айландырууда, ацетилцеллюлоза ж. б. алууда колдонулат.