КЕС-СЕҢИР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕС-СЕҢИР – Күнгөй Ала-Тоонун түш. этегинде Ысык-Көлгө эңкейиш кыр, көлгө кирип турган тумшук. Ысык-Көлдүн түн. жээгинин дал ортосунда, Чоң Сөгөттү ж-а Кичи Сөгөттү сууларынын аралыгында жайгашкан. Уз. 4 км, эң жазы жери 2,5 км, деңиз деңг. 2000–1600 м бийикте. Жеринин бети аска-таштуу, капталдары көбүнчө тик. Тикендүү майда бадалдар, чогойно, шыраалжын ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Негизи силур, девондун граниттеринен, эки жагы олигоцен, миоцендин конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектеринен турат. Көл жээгиндеги жолду тороп, жүргүнчүлөргө тоскоол болгондуктан, сеңирдин жапыз жерин оюп, кесип жол салынган. Бул кыр илгери эле К.-С., ал эми жолдун өткөн жери Кескен-Бел аталган делет. Номендин экөө тең 19-к-дын 1-жарымында эле болгон; 1856–60-ж. тартылган карталарда топоним Кессеңгир, Кесексеңгир, Кисенгыр, Ч. Валихановдун эмгектеринде (1856–61) Керсенгир, Кисенгыр түрүндө кезигет. К.-С. «Пришиб» деп да жазылып жүрөт. Почта тартуу, жол катнашы үчүн 1870–71-ж. К.-С-дин тумшугун жарып жол салынган.