КЕС-СЕҢИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕС-СЕҢИР – Күнгөй Ала-Тоонун түштүк этегин­де Ысык-Көлгө эңкейиш кыр, көлгө кирип тур­ган тумшук. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинин дал ортосунда, Чоң Сөгөттү ж-а Кичи Сөгөттү суу­ларынын аралыгында жайгашкан. Узундугу 4 км, эң жазы жери 2,5 км, деңиз деңгээлинен 2000–1600 м би­йикте. Жеринин бети аска-таштуу, капталда­ры көбүнчө тик. Тикендүү майда бадалдар, чо­гойно, шыраалжын ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Не­гизи силур, девондун граниттеринен, эки жагы олигоцен, миоцендин конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектеринен турат. Көл жээгиндеги жолду тороп, жүргүнчүлөргө тоскоол болгондук­тан, сеңирдин жапыз жерин оюп, кесип жол салынган. Бул кыр илгери эле Кес-Сеңир, ал эми жол­дун өткөн жери Кескен-Бел аталган делет. Но­мендин экөө тең 19-кылымдын 1-жарымында эле бол­гон; 1856–60-жылдарда тартылган карталарда топоним Кессеңгир, Кесексеңгир, Кисенгыр, Ч. Валиха­новдун эмгектеринде (1856–61) Керсенгир, Ки­сенгыр түрүндө кезигет. Кес-Сеңир «Пришиб» деп да жазылып жүрөт. Почта тартуу, жол катнашы үчүн 1870–71-жылдарда Кес-Сеңирдин тумшугун жарып жол салынган.