КЕРМАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРМА́Н – Ирандын түш.-чыгышындагы шаар.
Керман останынын (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Кухбенан кырка тоосунун этегинде, деңиз деңг. 1900 м бийиктикте жайгашкан. Калкы
521,7 миң (2008). Жолдор тоому. Кум – Керман
т. ж-нун акыркы пункту. Аэропорту бар. Алгач Геродоттун эмгектеринде эскерилет. 1298-ж.
«Марко Поло китебинде» сүрөттөлгөн. 1720-ж. афгандардын убактылуу бийлиги үстөмдүк кылган. 1791–94-ж. курддар династиясынын акыркы резиденциясы. 1842-ж. кажарлар бийлигине каршы Ага-хан I жетекчилик кылган исмаилиттер көтөрүлүшүнүн борбору болгон. Үч кумпалуу Шах (11–12-к.), Соборлуу (14-к.) ж-а Па-
Менар (1390) мечиттери, Кожо-Атабек мавзолейи (12-к.), Гомбеде-Жабалие мунарасы, Ибрагимхан медресеси (1816–17) ж-а Вакиль базары (19-
к-дын 2-жарымы) сакталган. Ун-т, музей (этногр. ж. б.) бар. Текстиль (жүн кездеме), тамак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ж-а хна
өндүрүшү ж-а К-га жакын жерде жез иштетүүчү
комбинат (Серчешме) иштейт. Салттуу кустардык өндүрүшү ж-а кол өнөрчүлүк (килем токуу, көркөм карапа ж. б.) өнүккөн. К-нын айланасынан таш көмүр, темир казылып алынат. К-дан 35 км түштүктө Нуроддин Ниматолла мавзолейи (19-к.; Махан шаар айланасында) ж-а Жебели-Санг кумпалуу мавзолейи (таштан курулган; 1213) жайгашкан.