КЕН-ТОО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕН-ТОО – Казакстандын түштүгүндөгү шаар.
Түш.-Казакстан обл-нун аймагында. Кара-Тоо кырка тоосунун батышында, Түркстан т. ж. бекетинен 40 км түн.-батышта жайгашкан. Калкы 61,0 миң (2009). Шаардын азыркы ордунда эл 13-к-да эле отурукташкан. Жез, күмүш ж-а коргошун казылып алынат. Шаар Кантаги, Миргалимсай, Ачысай ж. б. шаарчалардын кошулушунан 1955-ж. пайда болгон. Түстүү металлургия (а. и. цинк з-ду), машина куруу ж-а металл иштетүү (экскаватор, трансформатор ж. б.), жеңил (трикотаж, тигүү) ж-а тамак-аш (а. и. кондитер азыктары), курулуш материалдар (темир-бетон конструкциясы) ө. ж. ж-а резина-тех. буюмдар өндүрүшү иштейт. Цемент, кыш ж-а бетон з-ддору курулууда. Шаардын чет-жакасынан полиметалл кендери казылып алынат. К.-т-го жакын жерде Кара-Тоо коругу (2004; Батыш Теңир- Тоонун флорасы м-н фаунасы) уюштурулган.