КЕНТАШТУУ АЙМАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕНТАШТУУ АЙМАК – ири тектон. түзүлүш­төрдө (антиклинорий, синклинорий, ортоңку массив, калкан, синеклиза, терең жарака ж. б.) кездешүүчү, бир түрдүү генезистеги, бир же бир нече кенташ кендери орун алган аймак. Бир топ К. а. биригип, к е н т а ш т у у п р о в и н­ц и я н ы түзөт. Бүктөлүүлөр кездешкен жерде­ги тектон. терең жаракалар м-н байланышта болуп, узатасынан созулган кенташ к у р ч о о­с у н а айланат. Курчоонун уз. миңдеген кмге, туурасы жүздөгөн кмге жетет. Эгерде аймак ка­баттуу түзүлүшкө ээ болуп, өтө зор аянтты ээлеп жатса к е н т а ш б а с с е й н и деп аталат (мис., Кривой Рог темир кендүү бассейни). К. а. пайда болуу мезгилине, геол. түзүлүш өзгөчөлү­гүнө, тектон. процесстерге байланыштуу кенташ­туу райондорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт. Бири-биринен геол. түзүлүш, геогр. чөйрөсү м-н айырмаланган, бирдей формацияда, физ.-хим. шартта пайда болгон, курамы бирдей кенташ­тан топтолгон аймак к е н т а ш т у у р а­й о н делет. Ал эми бирдей геол. түзүлүштөгү, бир мезгилде пайда болгон, бири-бирине жа­кын жайгашкан кенташтардын чогундусу к е н­т а ш т а л а а с ы н түзөт. Кенташ талаалары геол. түзүлүшүнө, генезисине жараша төмөнкү топторго бөлүнөт: магма кендери, скарн кенде­ри, пегматит кендери, гидротермдүү кендер, метаморфизм кендери, стратиформдуу кендер. Курамында кенташ минералдары кездешкен та­рамчалар, линзалар, уюктар ж. б. созулуп жат­кан тоо тектер тилкеси к е н т а ш з о н а с ы деп аталат.