КЕНТАШ ТАРАМДАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНТАШ ТАРАМДАРЫ – тоо тектердин жаракаларын ээлеп жаткан минералдык заттардын тулкусу. Жөнөкөй ж-а татаал түзүлүштөн турат. Жөнөкөй түрүнө минералдуу заттар ээлеп жаткан жаракалар кирет. Татаалдары бирибирин кесип өтөт. Талкаланган аймактары кездешет. Түзүлүшү б-ча даана, көңдөйчө, ийилген, тепкичтенген, тарамдашкан турпаттарга бөлүнөт. Тоо тектердин кабаттарын туурасынан жарып өткөндөрү кесүүчү тарам деп аталат. Кабат б-ча тарагандарын катмарлашкан тарам дейбиз. Уз. 1 мден жүздөгөн кмге жетет. Кээ бири жукарып, жок болуп кетет. Геол. ж-а жумушчу калыңдыктан турат. Жумушчу калыңдыгы бир нече смден ондогон мге барабар.