КЕН КАЗУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕН КАЗУУ – жер кыртышындагы кен байлыктарды орун алган жеринен бөлүп алуу иштери. Кендин геол. шартына, физ.-мех. касиеттерине жараша бир топ ыкмалар колдонулат. Адам күчү, механизмдерди колдонуу, жардыруу, физ. ж-а хим. жолдор м-н казып алуу. Көмүрдү казып алууда катмарлардын жайгашуусуна, калыңдыгына, түзүлүшүнө көңүл бөлүнөт. Адегенде көңдөйлөп, тилке жасап, катмардын калган бөлүгү талкалоочу балка же жардыруучу зат м-н талкалап уратылат. Бургулап жардыруу ыкмасы да колдонулат. Мында майда шнурлар ж-а терең скважиналар аркылуу жардырылат. Камералык дүрмөт минасы да пайдаланылат. Жер үстүнөн кенди казуу иштери экскаватор, бульдозер м-н ишке ашырылат. Катуу, бек кенташтарды казууда, адегенде, бургулап жардырылат. Тоо тектерди бөлүктөргө бөлүп талкалайт. Борпоң кендер гидромеханизмдер м-н казып алынат. Кесек тектерди, талкаланган кендерди драга, топурак соргуч, гидромонитор м-н өндүрүп, күчтүү экскаваторлор колдонулат. Нефть м-н газ терең бургулоо скважиналары аркылуу өндүрүлөт. Көмүрдү жер астынан күйгүзүп, газга айландырып, газын алса болот. Кээ бир кендер жер астында эритүү жолу м-н өндүрүлөт.
Ад.: Шевяков Л. Д. Разработка месторождений
полезных ископаемых. М., 1963.