КЕН КАЗУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН КАЗУУ – жер кыртышындагы кен бай­лыктарды орун алган жеринен бөлүп алуу иш­тери. Кендин геологиялык шартына, физикалык-механикалык касиет­терине жараша бир топ ыкмалар колдонулат. Адам күчү, механизмдерди колдонуу, жардыруу, физикалык ж-а химиялык жолдор м-н казып алуу. Көмүрдү казып алууда катмарлардын жайгашуусуна, ка­лыңдыгына, түзүлүшүнө көңүл бөлүнөт. Адеген­де көңдөйлөп, тилке жасап, катмардын калган бөлүгү талкалоочу балка же жардыруучу зат м-н талкалап уратылат. Бургулап жардыруу ыкмасы да колдонулат. Мында майда шнурлар ж-а терең скважиналар аркылуу жардырылат. Камералык дүрмөт минасы да пайдаланылат. Жер үстүнөн кенди казуу иштери экскаватор, бульдозер м-н ишке ашырылат. Катуу, бек кен­таштарды казууда, адегенде, бургулап жарды­рылат. Тоо тектерди бөлүктөргө бөлүп талка­лайт. Борпоң кендер гидромеханизмдер м-н ка­зып алынат. Кесек тектерди, талкаланган кен­дерди драга, топурак соргуч, гидромонитор м-н өндүрүп, күчтүү экскаваторлор колдонулат. Нефть м-н газ терең бургулоо скважиналары ар­кылуу өндүрүлөт. Көмүрдү жер астынан күйгүзүп, газга айландырып, газын алса болот. Кээ бир кендер жер астында эритүү жолу м-н өндүрүлөт.

Ад.: Шевяков Л. Д. Разработка месторождений полезных ископаемых. М., 1963.