КЕНЖАЕВ Махамаджан Гуламович: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНЖАЕВ Махамаджан Гуламович (4. 5. 1949- ж. т., Өзбекстан, Анжиян обл., Коргон-Төбө р-ну, Токтогул айылы) – хирург, медицина илимд. доктору (2002), проф. (2004), КРдин саламаттык сактоосунун отличниги (1995). КММИ-ни (1976), ошол эле жерде аспирантураны (1981) бүтүргөн. 1981–97-ж. КММИде ассистент, доцент, 1997-жылдан Жайыл р-ндук ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы. 2000-жылдан кайрадан КММАда доцент, проф. 2006–08-ж. ошол эле жерде декан, проректор. 2009-жылдан КММА-нын Мед. борборунда директордун орун басары болуп иштейт. Хирург. гастроэнторология ж-а паразитология тармагы б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монографиянын автору.
Эмг.: Диагностика и хирургическое лечение эхинококкоза и профилактика его рецидива. Б., 2001; Современные подходы к хирургическому лечению паховых и послеоперационных вентральных грыж. Б., 2008.