КЕНЖАЕВ Махамаджан Гуламович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЖАЕВ Махамаджан Гуламович (4. 5. 1949- жылы туулган, Өзбекстан, Анжиян облусу, Коргон-Төбө району, Токтогул айылы) – хирург, медицина илимдеринин доктору (2002), профессор (2004), КРдин са­ламаттык сактоосунун отличниги (1995). КММИни (1976), ошол эле жерде аспирантураны (1981) бүтүргөн. 1981–97-жылдарда КММИде ассистент, доцент, 1997-жылдан Жайыл райондук ооруканасында хи­рургия бөлүмүнүн башчысы. 2000-жылдан кай­радан КММАда доцент, профессор. 2006–08-жылдарда ошол эле жерде декан, проректор. 2009-жылдан КММАнын медициналык борборунда директордун орун басары болуп иштейт. Хирург, гастроэнторология ж-а паразитология тармагы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору.

Эмг.: Диагностика и хирургическое лечение эхино­коккоза и профилактика его рецидива. Б., 2001; Сов­ременные подходы к хирургическому лечению пахо­вых и послеоперационных вентральных грыж. Б., 2008.