КЕНЕСАРЫ ХАНДЫН ЧАПКЫНЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНЕСАРЫ ХАНДЫН ЧАПКЫНЫ – Кенесары Касымов башында турган казактардын Түн. Кырг-нга жасаган жортуулу (1846; 1847). Россия империясынын басып алуу саясатына байланыштуу Оренбург ж-а Сибирь чебиндеги орус аскеринин кысымына учураган К. Касымов 1845- жылдын күз айларында Чүй өрөөнүнө чегинген. Ал 1846-ж. эрте жазда кыргыз манаптарына (Жантай, Жаңгарач) элчи жиберип, орустарга каршы бир колго биригүүгө чакырган. Кыргыз манаптары кеңешип, «жашы улуу, хандыкты Ормонго бер, калган ишти өзүң бил» деп жооп берген. Бирок казак элчилери кайтып бара жатып, жолдон жылкы уурдаган. Артынан кууган кыргыздар элчилерди кармап, Ормон ханга жеткиришкен. Ормон «булар элчи эмес, уурулар турбайбы» деп, кыргыздар кабыл алган мыйзамга ылайык кулактарын кесип, коё берген. Аны шылтоологон Кенесары хан ошол эле жылдын март–апрель айларында Агыбай м-н Букарбай башында турган 3 миң жоокерин кыргыздарга каршы аттандырган. Бул салгылашууда казактардан 1000 киши өлүп, 5 султан 2000 жоокери ж-а 2 замбиреги м-н колго түшкөн. Мындан соң солто элинин атынан Тынаалы Чыны уулу кыргыз м-н казакты ынтымакка чакыруу үчүн Кенесарыга барган учурда, кыргыздар да (солтонун төкөлдөш уругунан) казактардан тогуз байтал уурдап келген. Ага жооп кылып казактар Тынаалыны туткунга алган. Абалдын курчуп бара жатканынан улам Жантай м-н Жаңгарачтар казактарды тынчытуу үчүн Кенесарыга элчи жиберген (к. Калыгул чечен). Бирок чапырашты уруусунун баатыры Шоорук Кенесарынын кеңеши м-н солтонун жылкысын чаап, Жаманкара баатырды элдешели деп, үч жолдошу м-н алдап чакыртып, Кенесары ханга кармап берген. Хан анын эки бөйрөгүн оюп өлтүрткөн. Ошол эле жылдын күз айларында Жаманкаранын кунун кууган агасы Чыңгыш жанына Күрпүк м-н Самакты алып, Шооруктун айылына кол салып, өзүн өлтүрүшкөн. Бул окуя Кенесарынын кыргыздарга жаңы жортуул уюштуруусуна шылтоо болгон. Жортуул учурунда Кенесары Мерке чебин курчоого алган. Чептин башчысы Мухаммедали датка согушуудан баш тартып, Кенесарыга Кызылооз деген күлүгүн тартуулап, багынып берген. Андан кийин таластык кыргыздарды чаап, Калча башында турган 200 кыргызды колго түшүргөн. Пишпек чебинин беги Алишер датка багынуудан баш тарткан. Муну уккан Ормон хан Жантай, Жаңгарач, Ажыбек (Токтобай уулу), Төрөгелди, Боромбай, Балбай ж. б. эл мыктылары м-н кеңешип, согушка даярдык көрө баштаган. 1847-жылдын башында Кенесары колго түшкөн кыргыздарды бошотуп, Эсенгелди Саржан уулу баштаган элчилерин Ормонго 2-жолу жиберген. Ормон кайра эле «менин жашым улуу, хандыкты мага берип, өзүң акылдашып иш кыл» деген жообун берген. Ушундай шартта Кенесары хан кыргыздарды чабууга бел байлаган. Казактын кээ бир бийлеринин (Сыпатай, Байзак ж. б.) каршы болгонуна карабай, Кенесары кол алдына 10 миңден ашык жоокер, 2 замбирек, 1,5 миңден ашык мылтык жыйнаган. Экинчи чабуул 1847-жылдын 17–25-апрелинде болуп өткөн. Кенесары Тынаалыга жол баштатып, түнү м-н азыркы Кант ш-нын түндүгүндө жайгашкан Кара-Суудагы сарыбагыштардын айылына капыстан кол салган. Кыргыздар ок-дарылары калбай калганча кармашып, Ормонбек, Субанбек ж. б. баатырлар өлгөн, а. и. Калпак баатыр Стамбек уулу өзгөчө эрдик көргөзгөн. Кенесары колун экиге бөлүп, Токмокту көздөй жөнөп, Чүй суусунун оң жагында Текеликтин (Кекиликтин) сеңири деген жердеги Май-Дөбөгө туусун тиккен. Жантай м-н Жангарач башында турган Чүйдөгү солто м-н сарыбагыштар ка-
зактар м-н кармашып, Кенесарынын баласы Жапарды колго түшүрүп алышкан. Үч күндөн кийин керней-сурнайын тарттырып, колу м-н Ормон келгенде Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн не?»
– десе, жанындагы Байзак: «Ханым, сиз кыргыздын чабагы м-н чабышып жаткансыз, жаяны эми келди»,– деп түшүндүргөн. Ормон кол
башчылыкты өз колуна алып, түнкүсүн кыркырларга алоолонтуп от жактырып, жер жайнаган аскер келип калгандай сүр көрсөткөн. Күндүзү тал, кар аган-чычырканакты атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн
чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, түмөндөгөн кол т оптолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Казактардын көбү чабуул башталганда эле качып, жер
өңүтүн билбегендиктен, Мыкандын сазына чөгүп
кеткени да көп болгон. Агыбай баатыр баштаган азыраак гана казактар аман кутулган. Казак жактан бардыгы миңден ашык киши (а. и. төрө тукумунан 32) курал-жарактары м-н туткунга түшкөн. Кенесарынын жибек чатыры ж-а өздүк мылтыгы да колго түшүп, алар кийин Бүткүл россиялык көргөзмөгө коюлган. Кенесары м-н анын иниси Ноорузбайды Алмалуу-Сай деген жерден Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор колго түшүрүп алышкан. Кенесарыны жеңгени үчүн кыргыздардан 12 кишини орус бийлиги ар кандай медалдар м-н сыйланган. К. х. ч-нда кыргыздардан Шамен Куттуксейит уулу, Адыл Субан уулу, Үмөтаалы, Чаргын Ормон уулдары, Төрөкелди баатыр, Алыбек Кетирекей уулу, Кебек мерген, Ботаалы Назар уулу ж. б. баатырлар өзгөчө эрдик көрсөтүшкөн.
Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Бекмаханов Е. Казахстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1–2.
Б., 1993; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002;
Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания каракиргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Кенесары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. ¹ 4, 2006; Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII кылымдын экинши жарымы –
ХХ кылымдын башы). А., 2007; Абдырахманов Ы. Казак, кыргыз окуясы //Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., ¹ 1, 2007.