КЕНДҮҮ АЛТАЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНДҮҮ АЛТАЙ Алтай тоолорунун полиметалл кендүү түш.-батыш бөлүгү. Уз. 400 кмден ашык. К. А-га Уба, Колывань, Калба кырка тоолору ж-а Тигирецкий, Иванов, Холзун Ульба тоолорунун тармактары кирет. Орто бийик тоо (бийикт. 2776 мге чейин), батышына жапыз тоо рельефи мүнөздүү. Кенташ тулкусу текши жайгашкан ж-а чачыранды кендерден турат. Кен 2 тилкеге бөлүнөт: жез, коргошун, цинк кенташтары (Орлов, Золототушинский, Николаев, Белоусовка, Берёзовка ж. б. кендер) ж-а коргошун-цинк кенташтары (Рубцовский, Степной, Таловский, Средняя, Заречье, Гусляков, Лениногорск, Тушинский, Зыряновский ж. б.). К. А-ды көбүнчө Чыгыш Казакстан обл-нун аймагына кошот.