КЕНДҮҮ АЛТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДҮҮ АЛТАЙ Алтай тоолорунун полиме­талл кендүү түштүк-батыш бөлүгү. Узундугу 400 кмден ашык. Кендүү Алтайга Уба, Колывань, Калба кырка тоолору ж-а Тигирецкий, Иванов, Холзун Уль­ба тоолорунун тармактары кирет. Орто бийик тоо (бийиктиги 2776 мге чейин), батышына жа­пыз тоо рельефи мүнөздүү. Кенташ тулкусу тек­ши жайгашкан ж-а чачыранды кендерден ту­рат. Кен 2 тилкеге бөлүнөт: жез, коргошун, цинк кенташтары (Орлов, Золототушинский, Нико­лаев, Белоусовка, Берёзовка ж. б. кендер) ж-а коргошун-цинк кенташтары (Рубцовский, Степ­ной, Таловский, Средняя, Заречье, Гусляков, Ле­ниногорск, Тушинский, Зыряновский ж. б.). Кендүү Алтайды көбүнчө Чыгыш Казакстан облусунун ай­магына кошот.