КЕН АЧУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕН АЧУУ – жердин тереңдигиндеги кенге жетүү үчүн жүргүзүлүүчү иштер. Мында үңүлмө м-н транспорттун байланышын, жумушчулардын катнашын чыңдоо ж-а жумушчу орундарды таза аба м-н жетиштүү санда камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Капиталдык ж-а жардамчы казмалар ишке киргизилет. Жер бетинен башталган шахта стволу, штольня – негизги, алардан кенди көздөй казылганы (квершлаг, гезенк, бромсберг, жантайма) жардамчы казма болуп саналат. Даярдык көрүүчү штректер кендин баалуулугуна, жардамчы казмаларга, транспорттук горизонттун санына, жер бетинин рельефине, кенташтын өлчөмүнө, тереңдигине, кен кабаттарынын саны м-н аралыктарына байланыштуу болот. Ыкманы тандоодо геол. түзүлүштөр, тоо-кен тех. факторлор эске алынат. Капиталдык чыгымдарды азайтуу шахта курууну тездетүү, кенди толук казып алуу ж. б. тоо-кен иштерин долбоорлоодо каралат.
Ад.: Килячков А. П. Вскрытие и система разработки
угольных месторождений. М., 1968.