КЕН АЧУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН АЧУУ – жердин тереңдигиндеги кенге жетүү үчүн жүргүзүлүүчү иштер. Мында үңүлмө м-н транспорттун байланышын, жумушчулар­дын катнашын чыңдоо ж-а жумушчу орундар­ды таза аба м-н жетиштүү санда камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Капиталдык ж-а жардамчы казмалар ишке киргизилет. Жер бе­тинен башталган шахта стволу, штольня – не­гизги, алардан кенди көздөй казылганы (квер­шлаг, гезенк, бромсберг, жантайма) жардамчы казма болуп саналат. Даярдык көрүүчү штрек­тер кендин баалуулугуна, жардамчы казмалар­га, транспорттук горизонттун санына, жер бе­тинин рельефине, кенташтын өлчөмүнө, терең­дигине, кен кабаттарынын саны м-н аралыкта­рына байланыштуу болот. Ыкманы тандоодо геологиялык түзүлүштөр, тоо-кен техникалык факторлор эске алынат. Капиталдык чыгымдарды азайтуу шах­та курууну тездетүү, кенди толук казып алуу ж. б. тоо-кен иштерин долбоорлоодо каралат.

Ад.: Килячков А. П. Вскрытие и система разработки угольных месторождений. М., 1968.