КЕН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕН – минералдык заттардын жер бетиндеги
же анын түпкүрүндөгү көлөмү, сапаты, жайгашуу шарты б-ча ө. ж-лык мааниге ээ болгон табигый чогундусу. Курамындагы минералдык заттар газ (гелий, неон, аргон, криптон ж. б.), суюк (жер астындагы суу, нефть ж. б.), катуу (минералдар м-н тоо тектери ж. б.) абалында кездешет. Казып алына турган заттар ө. ж-лык мааниге ээ болсо, ө. ж-лык кен деп аталат.
Ө. ж-лык мааниси жок, анчалык чоң эмес, аз
сандагы түрлөрү кенташ пайда болгон жер же кенташ нокоту делет. Ө. ж-лык мааниге ээ болгон кендер запасы б-ча ири, орт., кичине түрлөргө бөлүнөт. Жаратылышта пайда болуу шартына жараша экзоген, эндоген, метаморфоген кендеринен турат. Э к з о г е н к е н д е р и (седиментогендүү же үстүнкү) жер үстүндө же жер кыртышынын үстүнкү бетинде минерал заттардын мех., хим., биохим. жол м-н талкаланышынан келип чыккан. Үч түргө бөлүнөт: 1) талкаланды кендер (к. Талкаланды кыртыш кендери); 2) чачыранды кендер (к. Кен чачындысы); 3) чөкмө кендер (к. Чөкмө түрүндөгү кендер). Э н д о г е н к е н д е р (магматогендүү же тереңдиктеги) магмадан ж-а магма көтөрүлүп кел ат к анда жол у нда жол у к к ан т ек т ер дин
өзгөрүшүнөн пайда болот. Өзгөрүүдө тереңдиктеги өтө жогорку темп-ра м-н күчтүү басым таасирин тийгизет. Интрузивдүү тектер м-н тыгыз байланышат. Өз ичинен 5 топко бөлүнөт: а) магма кендери, б) пегматит кендери, в) карбонатит кендери, г) скарн кендери, д) гидротермдик кендер. М е т а м о р ф о г е н к е н д ер и тоо тектеринин күчтүү өзгөрүлгөн (метаморфизм процессинен) келип чыгат. Пайда болуу мезгили б-ча архей, протерозой, палеозой, мезозой, кайнозой заманындагы кендерге, орун алган жерине жараша геосинклиналдуу бүктөлүү ж-а платформалуу аймактардагы кендерге бөлүнөт. Кен пайда болуу 4 деңгээлден турат:
1) үстүнкү деңгээл (1–1,5 км тереңдикке че-
йин); 2) гипабиссалдык деңгээл (1–5 км), 3) абиссалдык деңгээл (3–5 кмден 10–15 км чейин);
4) ультрабиссалдык деңгээл (10–15 кмден терең).
К. хим. элементтердин санына, геогр. шартка, кенташтагы өтө керектүү заттарды ылгап бөлүү ыңгайына жараша казылып алынат. Өндүрүп алынуучу ар бир металл үчүн ө. ж-лык мерчем колдонулат. Мында кенташта металлдын өтө аз саны, начар сапаты, казып алуу мүмкүнчүлүгү эске алынат. Темирдин мерчеми 16%, алтындыкы 0,2 г/тга барабар. К-дин ө. ж-лык мааниси анын запасына жараша бааланат. Запасы мол болсо, кенташтагы металлдын санына карабай эле казып ала берет. О. эле казылып алына турган металлдын эл чарбасындагы мааниси, сейрек кездешүүсү эске алынат. Кырг-ндын аймагында К-дин бардык түрү кездешет. Алардын эң ирилерине Кадамжай, Айдаркен (гидротермдик) сурьма-сымап, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Кара- Кече көмүр кендери, Жетим темир бассейни, Кум- Төр алтын кени ж. б. мисал болот.
Ад.: Шнейдеркен Г. Рудные месторождения /Пер.
с нем., М., 1958; Смирнов В. И. Геология полезных ископаемых. 2-е изд., М., 1960; Вахромеев С. А. Месторождение полезных ископаемых. М., 1961; Ермолов В. А. Месторождения полезных ископаемых. М., 2001.