КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ Иле Ала-Тоосу м-н Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. Кырг-н м-н Казакстандын чегинде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түш.-чы-
гышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) ж-а бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. К.-Ч. т. т. – Түн. Теңир-Тоонун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери ж-а ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой м-н палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектон. көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоолуу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кырлардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн ж. б. турат. Капталдарында үбөлөнүү ж-а гравитациялык процесстер өтө катуу болгон. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (уз. 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (уз. 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Ак- Суу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабында). Субальп, альп шалбаасы ж-а гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.