КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ Иле Ала-Тоосу м-н Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. Кыргызстан м-н Казакстандын чегинде. Дээрлик кең­дик багытында созулуп жаткан кырка тоолор­ду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) ж-а бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо ту­таштырып турат. Кемин-Челек тоо тоому – Түндүк Теңир-Тоо­нун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери ж-а ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой м-н палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүл­гөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык кө­төрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Кө­төрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоо­луу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кыр­лардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн ж. б. турат. Капталдарында үбөлөнүү ж-а гравитациялык процесстер өтө катуу бол­гон. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (узундугу 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (узундугу 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Ак- Суу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабын­да). Субальп, альп шалбаасы ж-а гляциалдык­нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жай­кы жайыт.