КЕМИН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕМИН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кемин шаарчасынан 12 км чыгышта, Чүй д-нын боюнда, деңиз деңг. 1130–1350 м бийикте. 1971-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендеги аллювий чөгүндүсү түзөт. Пайдалуу кум-шагыл катмары Чүй д-нын кашаттагы тектиринде жатат. Кен бири-биринен 1 км аралыктагы үч участкадан турат. Биринчи участканын уз. 660 м, жазылыгы 100 м; экинчисинин уз. 620 м, жазылыгы 200 м; үчүнчүсүнүн уз. 520 м, жазылыгы 100 м. Катмардын калыңдыгы 5,6 мден 14,55 мге чейин. Шагылдын 20 ммден кесеги 67,56%, майдалап, бетонго пайдаланса болот. Кумда чаң 7,5%ке чейин, аны жууп, чаңдан арылткандан кийин гана бетонго пайдаланууга сунуш кылынат. Запасы: А+В категориясы б-ча 2732 миң м3, А – 813 миң м3, В – 1919 миң м3.
1