КЕЛДЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕ́ЛДЫШ Мстислав Всеволодович (28. 1 (10. 2). 1911, Рига – 24. 6. 1978, Москва) –

орус матема­тиги ж-а механиги, СССР ИАнын академиги


(1946; корр. мүчө, 1943), СССР ИАнын Президиуму­нун мүчөсү (1953), вице-пре­зиденти (1960–1961), прези­денти (1961–75). Москва ун­тин бүтүргөн (1931). Н. Е. Жу­ковский атн. Борб. аэрогид­родинамика ин-тунда (1931– 46), Москва ун-тинде (проф. 1937), СССР ИАнын В. А. Стек­лов атн. Математика ин-тун­да (1936-жылдан), Реактивдик ИИИде началь­ник, ил. жетекчи (1946–61), 1953-жылдан СССР ИАнын Колдонмо математика ин-тунда дирек­тор болуп (өмүрүнүн акырына чейин) иштеген. К. математика (комплекстүү өзгөрүлмөлүү функ­ция, функциялык анализ теориялары ж. б.), аэрогидродинамика, термелүү теориясы б-ча фун­даменталдуу эмгектерди жараткан. Авиация­нын, атомдук, эсептөө техникасынын ж-а маши­налык математиканын чечилбеген маселелерин изилдөөгө салым кошкон. Адамды космоско учу­руу, космос программасын жетектеген. Үч жол­ку Соц. Эмг. Баатыры (1956, 1961, 1971). СССР мамл. сыйл. (1941, 1946). Лениндик сыйл. (1957) лауреаты. Жети Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар, чет элдик 4 орден м-н сыйлан­ган. Сөөгү Кызыл аянтта Кремль дубалына коюлган.


Ад.: Келдыш М. В. Творческий портрет по воспо­минаниям современников. М., 2002.