КЕЛДИБЕК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЛДИБЕК Карбоз уулу (1800, Чүй өрөөнү – 1880, Нарын өрөөнү) – манасчы. К-тин өмүрү чыг-лыгы ж-дө так маалымат бизге жетпеген м-н анын таланттуу жомокчу болгондугун айгинелеген аңыз-уламалар бар. «Манасты» 17– 18 жашынан айта баштаган. Ал «Манасты» баштан-аяк толук айткан. Өзүнөн кийинки бардык жомокчуларга анын таасири күчтүү болгон. Жомокту түрдүү кыймыл-аракеттер м-н аткаргандыктан, төрдөн босогого барып калчу экен. К-тин «Манас» айтып калышынын себеби – түшүнө Манас баатырдын кириши. К. «Манас» айтып жатканда, үй солкулдап, бороон жүрүп, чак түштө күүгүм түшүп, Манастын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турган дешет. Анын табыпчылык касиети да болгон.