КЕКИЛИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕКИЛИК (Alectoris kakelik) –

кыргоолдор ту­кумундагы илбээсин куш. Дене уз. 35 смге, сал­магы 400–700 гга чейин жетет. Жону боз, боор жагы саргыч боз, капталдарында туурасынан кеткен кара сызыктары бар. Тумшугу, буттары кызыл. К. бөксө тоо, адыр­лардын сейрек бадалдуу таштак беттеринде жа­шайт. Евразия, Кавказ, Борб. Азия, Түн. Казак­стан, Алтай ж. б. жерде кездешет. Кырг-нда 2 түрү бар. Көмүскө жерге уялап, 24кө чейин жумурт­ка тууйт. 23–25 күн басып, балапан чыгарат.
Өсүмдүк уругу, жалбырагы, бүчүрү ж-а майда курт-кумурскалар м-н азыктанат. К-тин эти даамдуу, ага аңчылык кылынат.