КЕЙПТАУН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЙПТА́УН (англ. Cape Town, Capetown), К а пс т а д – ТАРдын түш.-батышындагы шаар.
Батыш Кейп провинциясынын адм. борбору. Атлантика океанынын жээгинде, Илгери Үмүт

тумшугуна жакын жайгашкан. ТАРдын өкмөтүнүн резиденциясы. Калкы 3,4 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаарлардын бири). Ири жолдор тоому. Порт (жылына 42 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. 1652-ж. негизделген. Ыйык Андрей чиркөөсү (1929), Ыйык Георгий собору (1904), Түш. Африка королдор коому (1877), калк китепканасы, ун-т, Түш. Африка музейи, улуттук галерея, филармония, опера мектеби бар. Хим., текстиль, машина куруу, нефть ажыратуу, жыгаччылык, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Алмаз кырдалат. 17–18- к-дын арх-ра эстеликтери сакталган. 1652-ж. голланддар тарабынан негизделген. К-га жакын Африкадагы алгачкы АЭС курулган. Ботан. бак уюштурулуп, анда Түш. Африканын флорасынын уникалдуу коллекциясы өстүрүлөт. Океанарий ж-а аквапарк бар. Жыл сайын менестрель (эшик ырчы) фестивалы өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жылына 1,6 млн турист келет).