КЕГЕТИ АШУУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕГЕТИ АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунда, Кегети (Чүйдүн сол куймасы) ж-а Чыгыш Каракол (Кочкордун сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3702 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 400–500 м. Капталдары тик. Ашуу девон-карбондун кумдук, катмарлуу конгломерат, сланец, мергель тектеринен турат. Чүй өрөөнүнөн Ийри-Суу ж-а Суусамыр жайлоолоруна мал ашырылат. Кыш мезгилинде кар калың жаап, 2–3 ай ашуу жабылат.