КЕГЕТИ (Чүй районундагы суу): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕГЕТИ – Чүй р-нундагы суу. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталынан башталып, Чүй д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Уз. 55 км, алабынын аянты 290 км2. Баш жагында токойлуу кууш өрөөн м-н агып, нугунда шагыл таштар, босоголор бар. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Жылдык орт. чыгымы 2,34 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда, эң азы февралда байкалат. Декабрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймасы – Көл- Төр (17 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кегети, Ак-Бешим ж. б. кыш. жайгашкан.