КВАРКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КВАРКТАР – спини 1/2 болгон элементардык бөлүкчөлөр. Азыркы көз караш б-ча бардык ад­рондордун түзүүчүлөрү: бариондор ж-а мезондор К-дан турат деп эсептелет. К. ж-дөгү божомол­ду 1964-ж. бири бирине байланышпай туруп М. Гелл-Манн (АКШ) ж-а Ж. Цвейг (Австрия) спектроскопиядагы закон ченемдерди ж-а адрон­дордун касиеттерин түшүндүрүүдө айтышкан. К. божомолуна ылайык бариондор үч К-дан (ан­тибариондор – үч антикварктан), мезондор – К-дан ж-а антикварктардан турат. Эркин абал­дагы К. али табыла элек ж-а адрондорду аны түзүүчү К-га ажыратууга мүмкүн эмес деп эсеп­телинет. 19-к-дын 80-жылдарынын башында К-дын 5 түрү белгилүү болгон: u, d, s, c, b. Андан кийин теор. негизде алтынчы К. – t-К-дын бо­лору алдын ала айтылган. Бардык К. барион­дук сан (бариондук заряд) В=1/3 м-н түшүндү­рүлөт. Бариондор үчүн В=1, ал эми мезондорду­ку В=0. Бул бардык К-дын бариондук заряды 1/3; u, c, t К-дын электр заряды – 2/3; d, s, b К-дыкы – 1/3. Бардык лептондор ж-а К. фер­миондор (спини 1/2ге барабар) болуп эсептели­нет. К-дын типтери баарыдан мурда төмөнкү ички кванттык сандар [Изотоптук спин (I) ж-а анын проекциясы (I3), кызыктуулук (стран­ность) (S), суктануу (очарование) (C), сулуулук (красота) (b) аныктык (истинность) (t) ж-а электр заряды (Q)] м-н мүнөздөлөт. К-дын электр заряды жогорудагы ички кванттык сандар м-н туюнтулуп, Гелл-Манн – Нишижиманын жал­пыланган формуласы м-н берилет (е элементар­дык заряд бирдиги б-ча): Q=I3+1/2(В+S+C–b+t). Экинчи кошулуучунун эки эселенген мааниси гиперзаряд деп аталат. Кванттык хромодинами­када түс деп аталуучу үч жаңы заряд (кызыл, жашыл ж-а көк) киргизилген. Ага карама-кар­шы: антикызыл, антижашыл ж-а антикөк түс­төр да бар. Ар кандай ароматтагы кварк үч түстүн бирине, ал эми антикварк – үч антитүстүн би­рине ээ.


Ад.: Окунь Л. Б. Лептоны и кварки. 4-е изд. М., 2008.