КВАРКТАР
КВАРКТАР – спини 1/2 болгон элементардык бөлүкчөлөр. Азыркы көз караш боюнча бардык адрондордун түзүүчүлөрү: бариондор ж-а мезондор кварктардан турат деп эсептелет. Кварктар жөнүндөгү божомолду 1964-жылы бири бирине байланышпай туруп М. Гелл-Манн (АКШ) ж-а Ж. Цвейг (Австрия) спектроскопиядагы закон ченемдерди ж-а адрондордун касиеттерин түшүндүрүүдө айтышкан. Кварктар божомолуна ылайык бариондор үч кварктардан (антибариондор – үч антикварктан), мезондор – кварктардан ж-а антикварктардан турат. Эркин абалдагы кварктар али табыла элек ж-а адрондорду аны түзүүчү кварктарга ажыратууга мүмкүн эмес деп эсептелинет. 19-кылымдын 80-жылдарынын башында кварктардын 5 түрү белгилүү болгон: u, d, s, c, b. Андан кийин теориялык негизде алтынчы кварктар – t-кварктардын болору алдын ала айтылган. Бардык кварктар бариондук сан (бариондук заряд) В=1/3 м-н түшүндүрүлөт. Бариондор үчүн В=1, ал эми мезондордуку В=0. Бул бардык кварктардын бариондук заряды 1/3; u, c, t кварктардын электр заряды – 2/3; d, s, b кварктардыкы 1/3. Бардык лептондор ж-а кварктар фермиондор (спини 1/2ге барабар) болуп эсептелинет. Квактардын типтери баарыдан мурда төмөнкү ички кванттык сандар [Изотоптук спин (I) ж-а анын проекциясы (I3), кызыктуулук (странность) (S), суктануу (очарование) (C), сулуулук (красота) (b) аныктык (истинность) (t) ж-а электр заряды (Q)] м-н мүнөздөлөт. Кварктардын электр заряды жогорудагы ички кванттык сандар м-н туюнтулуп, Гелл-Манн – Нишижиманын жалпыланган формуласы м-н берилет (е элементардык заряд бирдиги б-ча): Q=I3+1/2(В+S+C–b+t). Экинчи кошулуучунун эки эселенген мааниси гиперзаряд деп аталат. Кванттык хромодинамикада түс деп аталуучу үч жаңы заряд (кызыл, жашыл ж-а көк) киргизилген. Ага карама-каршы: антикызыл, антижашыл ж-а антикөк түстөр да бар. Ар кандай ароматтагы кварк үч түстүн бирине, ал эми антикварк – үч антитүстүн бирине ээ.
Ад.: Окунь Л. Б. Лептоны и кварки. 4-е изд. М., 2008.