КВАНТТЫК ЭЛЕКТР-ДИНАМИКА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАНТТЫК ЭЛЕ́КТР-ДИНА́МИКА – электрмагнит талаасынын ж-а анын заряддуу бөлүкчөлөрү (негизинен электрон, позитрон ж-а мюон) м-н өз ара аракеттенишинин кванттык теориясы. Тажрыйбада далилденген электр-магнит нурлануусунун дискреттүүлүгү ж-дөгү түшүнүк К. э.-д-нын негизи болуп эсептелет. 1900-ж. М. Планк монохром жарыктын нурлануу процессинин дискреттүүлүгү ж-дөгү гипотезаны айткан. Бул гипотеза б-ча электр-магнит талаасынын энергиясы белгилүү чоңдукта, б. а. порция түрүндө өзгөрөт. А. Эйнштейн фотоэффект теориясын сунуш кылган. Ал теория б-ча электр-магнит талаасы фотон деп аталуучу элементардык талаалардан турат. Бул эки гипотеза азыркы кезде далилденген. Электр-магнит талаасынын кванты (фотону) – жыштыктын берилген чоңдугунда талаанын мүмкүн болгон минимум энергиясын Е=hv ж-а импульсун p=h/l алып жүрөт, мында h – Планк турактуулугу, l=с/u – толкун узундугу, с – жарык ылдамдыгы. Демек
электр-магнит нурлануусуна v ж-а А м-н мүнөздөлүүчү жалаң эле толкундук эмес, о. эле дискреттүүлүк, корпускулалык касиет да тиешелүү. Электр-магнит нурлануусунун заряддуу бөлүкчөлөр м-н өз ара аракеттениши К. э.-д-да бөлүкчөлөрдүн фотондорду жутушу ж-а бөлүп чыгарышы катары каралат. Фотондордун алмашуусу заряддуу бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттенишин шарттайт. Бөлүкчө фотондорду бөлүп чыгарат, аларды кайра жутат; бөлүкчөлөрдүн өзүнүн талаасы м-н өздүк аракети же өз-ара аракеттениши төмөндөгүдөй натыйжага алып келет: атомдордогу энергия деңгээлинин Лемб жылышуусу, чачырабашы ж. б. Классикалык электр-динамика түшүндүрө албаган айрым маселелер. К. э.-д-да толук чечмеленген, мис., нерселердин жылуулук бөлүп чыгарышы, жутушу, чачыратышы, заряддуу бөлүкчөлөрдүн электрмагниттик өз ара аракеттениши ж. б. Мындан тышкары электр-магниттик нурдун электрондор ж-а позитрондор м-н өз ара аракеттениши сыяктуу башка кубулуштарды да К. э.-д. өтө так түшүндүрөт.
Ад.: Фейнман Р. Квантовая электродинамика. М., 2004.