КВАНТТЫК ЭЛЕКТР-ДИНАМИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК ЭЛЕ́КТР-ДИНА́МИКА – электр­магнит талаасынын ж-а анын заряддуу бөлүкчө­лөрү (негизинен электрон, позитрон ж-а мюон) м-н өз ара аракеттенишинин кванттык теориясы. Таж­рыйбада далилденген электр-магнит нурлануу­сунун дискреттүүлүгү жөнүндөгү түшүнүк кванттык электр-динамиканын негизи болуп эсептелет. 1900-жылы М. Планк мо­нохром жарыктын нурлануу процессинин дис­креттүүлүгү жөнүндөгү гипотезаны айткан. Бул ги­потеза боюнча электр-магнит талаасынын энергия­сы белгилүү чоңдукта, башкача айтканда порция түрүндө өз­гөрөт. А. Эйнштейн фотоэффект теориясын су­нуш кылган. Ал теория боюнча электр-магнит та­лаасы фотон деп аталуучу элементардык талаа­лардан турат. Бул эки гипотеза азыркы кезде далилденген. Электр-магнит талаасынын кван­ты (фотону) – жыштыктын берилген чоңдугун­да талаанын мүмкүн болгон минимум энергия­сын Е=hv ж-а импульсун p=h/l алып жүрөт, мында h – Планк турактуулугу, l=с/u – тол­кун узундугу, с – жарык ылдамдыгы. Демек электр-магнит нурлануусуна v ж-а А м-н мү­нөздөлүүчү жалаң эле толкундук эмес, ошондой эле дискреттүүлүк, корпускулалык касиет да тие­шелүү. Электр-магнит нурлануусунун заряддуу бөлүкчөлөр м-н өз ара аракеттениши кванттык электр-динамикада бөлүкчөлөрдүн фотондорду жутушу ж-а бөлүп чыгарышы катары каралат. Фотондордун ал­машуусу заряддуу бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет­тенишин шарттайт. Бөлүкчө фотондорду бөлүп чыгарат, аларды кайра жутат; бөлүкчөлөрдүн өзүнүн талаасы м-н өздүк аракети же өз-ара ара­кеттениши төмөндөгүдөй натыйжага алып ке­лет: атомдордогу энергия деңгээлинин Лемб жылышуусу, чачырабашы ж. б. Классикалык электр-динамика түшүндүрө албаган айрым ма­селелер. Кванттык электр-динамикада толук чечмеленген, мисалы, нер­селердин жылуулук бөлүп чыгарышы, жутушу, чачыратышы, заряддуу бөлүкчөлөрдүн электр­магниттик өз ара аракеттениши ж. б. Мындан тышкары электр-магниттик нурдун электрон­дор ж-а позитрондор м-н өз ара аракеттениши сыяктуу башка кубулуштарды да кванттык электр-динамика өтө так түшүндүрөт.


Ад.: Фейнман Р. Квантовая электродинамика. М., 2004.