КВАНТТЫК СААТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КВАНТТЫК СААТ</b> , а т о м с а а т ы – убакыт­ты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы квант­тык стандарт м-н башкарылуучу кварц генера­тору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энер­гиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нур­лануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө | <b type='title'>КВАНТТЫК СААТ</b> , а т о м с а а т ы – убакыт­ты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы квант­тык стандарт м-н башкарылуучу кварц генера­тору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энер­гиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нур­лануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 10<sup>–</sup><sup>11</sup>– 10<sup>–</sup><sup>13</sup>) болгондуктан, кванттык саат убакытты астрономиялык ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. Кванттык саат жыштыктын кванттык стандарттарынын жардамы м-н текшерилет. Биринчи кванттык саат 1955-жылы АКШда жасалган. Азыр­кы кванттык саатта кээде цезийлүү репер колдонулат. Ки­йинки мезгилде рубидийлүү кванттык саат кеңири та­раган. Ал кварц саатына салыштырганда өтө так болгондуктан, радионавигация система­ларында, астрономиялык обсерваторияларда, илимий изилдөө­лөрдө, текшерүү, ченөө лабораторияларында ж. б. кол­донулат. | ||
турактуу (каталыгы 10<sup>–</sup><sup>11</sup>– 10<sup>–</sup><sup>13</sup>) болгондуктан, | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
03:33, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КВАНТТЫК СААТ , а т о м с а а т ы – убакытты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы кванттык стандарт м-н башкарылуучу кварц генератору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энергиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нурлануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 10–11– 10–13) болгондуктан, кванттык саат убакытты астрономиялык ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. Кванттык саат жыштыктын кванттык стандарттарынын жардамы м-н текшерилет. Биринчи кванттык саат 1955-жылы АКШда жасалган. Азыркы кванттык саатта кээде цезийлүү репер колдонулат. Кийинки мезгилде рубидийлүү кванттык саат кеңири тараган. Ал кварц саатына салыштырганда өтө так болгондуктан, радионавигация системаларында, астрономиялык обсерваторияларда, илимий изилдөөлөрдө, текшерүү, ченөө лабораторияларында ж. б. колдонулат.