КВАНТТЫК МЕХАНИКА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАНТТЫК МЕХА́НИКА , т о л к у н м е х ан и к а с ы – микробөлүкчөлөрдүн (мис., атом, молекула, кристалл электрондору) кыймыл закондорун ж-а түшүндүрүү ыкмаларын аныктоочу физ. теория; кванттык теориянын негизги бөлүмдөрүнүн бири. К. м. атом структурасын, спектрин ж-а элементтердин мезгилдүү системасын биринчи жолу түшүндүрүүгө, хим. байланыштын табиятын аныктоого мүмкүндүк берди. 20-к-дын башында Ньютон классикалык механикасы м-н электр-магниттик талаанын классикалык теориясынын жоболору жарыктын зат м-н өз ара аракеттенишине ж-а атомдо болуучу процесстерге колдонулбай тургандыгын аныктаган. Бул процесстерди жаңы теориянын
негизинде түшүндүрүү үчүн жүргүзгөн аракеттердин натыйжасы К. м-нын закондорун ачууга алып келди. Квант түшүнүгүн физикага биринчи жолу М. Планк жылуулук чыгаруу теориясына арналган ил. эмгегинде киргизген (1900). Макроскопиялык нерселердин касиеттери аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылы ж-а өз ара аракеттери м-н аныкталат. К. м-нын закондору ядро энергетикасын, кванттык электрониканын ж. б-ды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Классикалык механиканын теориясынан айырмаланып, К. м-нда бардык бөлүкчөлөр корпускулалык ж-а толкундук (дуализм) касиетке ээ деп эсептелет. К. м-да каралуучу микробөлүкчөлөрдүн (мис., атом электрондорунун) энергиясы дискреттүү (үзгүлтүксүз) деп далилденет. Кванттык системанын абалы толкундук функция м-н чечмеленет, ал функциянын модулунун квадраты системанын берилген абалынын ыктымалдуулугун ж-а ал маанинин чоңдугун аныктайт. К. м-нан бардык эле физ. чоңдуктар бир убакта так мааниге ээ болбойт деген натыйжа келип чыгат. Толкун функциясы бөлүкчөлөрдүн дифракциясын түшүндүрүүчү суперпозиция принцибине баш иет. Кванттык теориянын өзгөчөлүгү – көпчүлүк физ. чоңдуктардын мүмкүн болуучу маанилеринин дискреттүүлүгү, мис., атом электрондорунун энергиясы, кыймыл санынын моменти ж-а анын ар кандай багытка проекциясы ж. б. К. м-нда Планк туруктуулугу (h) негизги мааниге ээ, ал – кубулуштарды туура түшүндүрүү үчүн классикалык физика же кванттык теорияны колдонуларын аныктоочу негизги табият масштабынын (ченинин) бири. Эгер физ. кубулуш классикалык физика м-н түшүндүрүлсө, анда h=0. Бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын жарык ылдамдыгынан аз учурду караштыруучу релятивдик эмес К. м. карама-каршылыксыз толук теория болуп эсептелет. К. м-нын закондору көптөгөн макроскопиялык кубулуштарды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Мис., катуу нерселердин көптөгөн касиеттерин түшүнүүгө, өтө өткөрүмдүүлүк кубулушун, ферромагнетизмди, өтө агуучулукту ж. б. түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. К. м-нын закондорунун негизинде ядро энергиясы, кванттык электроника түшүндүрүлөт.
Ад.: Блохинцев Д. И. Основы квантовой механики.
7-е изд. СПб., 2004; Фок В. А. Начала квантовой механики. 5-е изд. М., 2008.