КВАНТТЫК КҮЧӨТКҮЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КВАНТТЫК КҮЧӨТКҮЧ – зат аркылуу өтүүчү электр-магнит толкундарынын энергиясын ал заттын дүүлүккөн атом молекуласы же иондор­дун аргасыздан нур чыгаруу эсебинен көбөйтүүчү (күчтөндүрүүчү) түзүлүш. Бул учурда электр-маг­нит толкундары баштапкы жыштыгын, тара­луу багытын, полярлашуусун өзгөртпөйт ж-а күчөтүүчү түзүлүшкө түшүүчү толкунга коге­ренттүү бойдон кала берет. К. к. күчтөндүргөн энергиянын чоңдугу, кыймылы кванттык меха­никада аныкталуучу атомдун ичиндеги элек­трондордун энергиясынын өзгөрүүсүнө байла­ныштуу. К. к-тө башкы ролду индукциялык нурлануу ж-а жутуу процесстери ээлейт. Күчөт­күчтөн чыккан термелүүнүн амплитудасы ага кирген термелүүнүн амплитудасынан канча эсе чоң экендигин көрсөтүүчү чоңдук күчөтүү коэф­фициенти деп аталып, ал күчөткүчтүн негизги мүнөздөмөсү болуп эсептелет. Радиоастрономия м-н радиолокацияда төмөнкү темп-радагы пара­магниттүү К. к., лазердик нурлануунун энергия­сын күчөтүү үчүн оптикалык К. к. колдонулат.